Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:25
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Коменданттык убактын тартибин бузгандар күндөн-күнгө көбөйүп баратат

21.04.2020 09:34
687
Коменданттык убактын тартибин бузгандар күндөн-күнгө көбөйүп баратат

 

21-апрелге карата өлкө аймагындагы коменданттык саат учурунда 114 жаран кармалып, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, коменданттык саатта Бишкек шаарында – 91, Жалал-Абад шаары боюнча – 3, Ош шаарында – 6, Нарын шаарында – 8, Ат-Башы районунда – 5, Сузакта – 1 адам кармалган. Ал эми Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган эмес.


Жалпысынан 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3084 жаран кармалды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн