Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Комендатура: Республикада 50 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулду

10.04.2020 09:13
972
Комендатура: Республикада 50 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулду


Бүгүн, 10-апрелге карата республиканын өзгөчө абал киргизилген аймактарында кечки саат 20:00дөн эртең мененки 07:00гө чейинки убакыт ичинде коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 50 жаран жеткирилип, 7 автоунаа атайын жайларга токтотулду, деп маалымдайт ИИМ басма сөз кызматы.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 37,

Ош шаары боюнча - 2,

Жалал-Абад шаары - 4,

Сузак району – 3,

Кара-Суу району - 3,

Ноокат районунда - 1.


Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2242 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузганы үсүн эскертүү берилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.


ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн