Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Коммуналдык кызматтар жылытуу мезгилине даярдыктарды кѳрүп жатат (фото)

28.07.2020 13:37
517
Коммуналдык кызматтар жылытуу мезгилине даярдыктарды кѳрүп жатат (фото)


Бишкек шаардык мэриясына караштуу коммуналдык кызматтар 2020-2021-жылдарга жылытуу мезгилине даярдыктарды кѳрүп жатышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.  

Шаардыктардын үйлѳрүн үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын буу казандарында оңдоо-профилактикалык иштери ѳткѳрүлүүдѳ.

Пишпек кичи районундагы «Илбирс» буу казанында узундугу 40 метрлик түтүн түтүгүн реконструкциялоо жыйынтыкталды. Түтүн түтүгүн алмаштыруу менен «Пишпек» кичи районундагы үйлѳрдү жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоого жана абага зыян заттардын тарашын азайтууга болот.


Эскерте кетсек, «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын балансында 66 буу казаны бар. Алардын бары 1-октябрга чейин оңдоодон ѳткѳрүлѳт. Ишкана тарабынан кѳмүр сатып алууга тендер ѳткѳрүлүп, тендердик комиссия иштеп жатат.

Ишкана 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо объектисин, 40 жалпы билим берүү уюмун, 14 бала бакчаны, 8 ЖОЖ, 26 башка бюджеттик мекемени жана 193 башка кардарларды камтыйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн