Балким мени «Эскиче ой жүгүртөсүң, заман талабына жараша ойлоно албайсың» деп тилдей тургандар көптүк кылышы мүмкүн. Көпчүлүктүн пикири, ой-жүгүртүү деңгээли менен коомдун жашоо талаптары түзүлөт. Бирок, дайыма эле көпчүлүктүн ойлогону туура боло бербейт. Ошол көпчүлүктү мурдунан чүлүктөп жетелеп алган азганакай гана топ болот. Алардын кооз сөздөрү, ашкере билимдүүдөй, ашкере эркиндикти самагандай мүнөздөгү табияты элди, өзгөчө жаш муунду ойлонууга, толгонууга мүмкүнчүлүк бербей эле жетелеп кетет.
Ойлонгусу келбегендерди жетелеп алуу кандай гана жеңил! Өзгөчө жеңил жашоону убада кылып, кең-кесири басып турганды, бүгүн бирөө менен, эртеси башкасы менен төшөк кумарына батканды, кааласаң жыртык кийин, кааласаң бүтүн кийин, сенин жүрүм-турумуңду башкалар көзөмөлдөбөшү керек, сен эркин адамсың деген сыяктуу кеп-кеңештерди берип, маңдайында жаркылдап күлүп турса, андан өткөн жакшы адам жоктой сезилет. Анан кантип «Улууга урмат менен мамиле кыл, кичүүнү ызаатта», «Кыздуу үйдө кыл жатпайт», «Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт», «Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт», «үй-бүлө – коомдун күзгүсү» деген сыяктуу учкул сөздөрдү ким угат? Жаңыдан жетилип келаткан жаштар үчүн «Андай бол, мындай бол» деген акыл-насааттарга караганда, «каалаганыңдай жаша» деп жадырап күлүп турган адам заманбап көрүнөт эмеспи?
Ырас, 21-кылымда жашап жатабыз. Ырас, жаңы өнүгүүлөрдү, жаңы жетишкендиктерди колдоно билүү керек. Бирок, ошол эле убакта үй-бүлөлүк балуулуктарды сактай турган, эң негизгиси адамдагы адамгерчиликти, адамча жашоону да сактап калууга эмнеге болбосун? Адам баласы бул жарыкчылык жашоого бир гана жолу келет. Ошол бир келген өмүрдү бүгүнкү технологиянын жетишкендиктеринин терс таасирлерине жуурулуштуруп өткөрүп жатканыбыз туурабы?
Компьютердик технологиянын, же кыргызча айтсак маалыматтык технологиянын өнүгүшү менен дүйнөнү аркы бурчу менен берки бурчунун ортосу секундалык убакыт болуп жакындады. Америкада болуп жаткан окуяларды болуп жаткан убагында биз көрө алсак, биздеги болуп жаткан окуяларды да алар дал ошол убагында көрө ала турган болушту. Албетте, бул компьютердик технологиянын жетишкендиги, маалыматка ээ болуунун жөнөкөйлөшкөнү. Тилекке каршы, ошол жетишкендиктердин баары терс маалыматтарды гана таркатууга жумшалып жатканын кандай кылабыз? Мисалы, АКШдагы Капитолийди басып алгандарын «түз эфирден» көргөндөн бизге эмне пайда болду? Же биздеги кайталана берген төңкөрүштөрдү башкалар «Түз эфирден» көргөнү кимгедир пайда келтирдиби? Балким, биздеги кайталанган төңкөрүштөрдөн улам башка мамлекеттердин бийлиги «Бийликти бекемдеш керек экен» деген ойго келишкендир, бирок ошол эле убакта биздин жорукту кайталагысы келген ээн баштар да чыгып жатканын кайда катабыз? Деги эле адам баласы өтө эле алыскы өлкөлөрдө болуп жаткан окуяларды «Түз эфирден» көрбөй койсо эмне болот?
Интернет аркылуу дүйнө мамлекеттери бир бүтүндүккө айланып калды. Болуп жаткан согуштар, адамдарды кыйнап өлтүрүп жаткандар, зордуктоолор, бирөөнүн жеке турмушуна кийлигишип, абийирин ачкандар, аралыктан туруп сексуалдык кызмат көрсөткөндөр тууралуу видеолор көргүң келбесе да экрандын негизги бетинен түшкүлөрү келбейт. Ошолордун баарын көргөн жаштардын аң-сезими кандай болуп өзгөрөт?
Интернет пайда болгону такталбаган маалыматтар жайнады. Социалдык түйүндөрдөгү кимдир-бирөө белгилүү адам тууралуу бир ушак кептин учугун козгоп койгону эле жетишти. Анан аны калгандары улантып кетет. Ошентип ал адамдын тагдырына балта чабылат.
Смартфондор, андагы «Ватсапп», «Телеграмм», «Фейсбук», «Инстаграмм» дегендер адамдардын баарын жипсиз байлады. Достор, туугандар чогулган жерде да телефон чукулуп отурган адамдар. Досторчо, бир туугандарча баарлашуу деген жоголуп баратат. Алдыңа тамак келгенде адегенде аны сүрөткө тартып, «Инстаграммга» чыгарып, анан жейсиң. Достор менен жолукканда чогулуп бир сүрөткө түшүп коюп, анан кайра телефон менен алышасың.
Ырас, компьютердик технологиянын өнүгүшү менен маалымат алуу жеңилдеди, кабар жеткирүү жеңилдеди. Кимдин кайда жүргөнүн, эмне кылып жатканын билип тура аласың. Бирок, ошонун баары чыныгы адамдык бактылуулукту уурдап алганын байкабай калдык. Интернет булактарынан жаңылыктарды карап отуруп эле кейиген, кыжырданган, нааразы болгон адамдар. Себеби, негативге көбүрөөк басым жасайбыз. Ватсапп аркылуу гана саламдашып, ал-акыбал сурашып койгонубуз болбосо, көрүшүп туруу, баарлашып турууну унуттук. Туугандардын үйлөрүнө жете албай калдык. Жай турмушта жашай албай калдык. Баарыбыз эле кайдадыр шашып жүрөбүз.
Балким, ушул илимдин жетишкендиктеринин терс жактарына чектөөлөр керектир? Оң жактарын пайдаланбай эле коелу деген эч ким жок. Адамзатынын жашоосунун жеңил жана маңыздуу болушу үчүн илимдин жетишкендиктери менен чогуу адамдык баалуулуктарды да биринчи планга коюу туура болсо керек.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн