Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:15
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Көмүрдү биринчи кезекте элге эмес, ЖЭБге жеткирүү боюнча токтом чыкты

16.01.2023 15:13
382
Көмүрдү биринчи кезекте элге эмес, ЖЭБге жеткирүү боюнча токтом чыкты

Энергетика министрлиги "Кыргыз көмүр" ишканасынын филиалдарынан көмүрдү биринчи иретте калкка эмес, ТЭЦке жеткирүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов брифингде билдирди.


Анын айтымына караганда, Бишкек ТЭЦине 100 миң тонна көмүр пландалган мөөнөтүнөн кечигип жеткирилүүдө. Анын жыйынтыгында жагылганга салыштырмалуу ташып келингени аз болуп жатат. Анткен менен запас бар.


"Бүгүндөн тарта планды аткаруу үчүн Кара-Кече ишканасынан көмүр калкка эмес, ТЭЦке жөнөтүлүшү керектиги айтылган министрдин тапшырмасы менен атайын буйрук чыкты", — деп айтып берди министрдин орун басары.

Аткаминер беш күн мурда көмүр жүктөлгөн бир топ ири автоунаалар эл үшүбөшү Чүй облусуна жөнөтүлгөнүн билдирди. Алардын бир бөлүгү көмүрүн сата элек болгондуктан, азыркыга чейин айланма жолдо турушат.

Эске салсак, көмүр чыккан Кара-Кече кенинде Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын Жумгал районунда жайгашкан "Кара-Кече" филиалы бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн