Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:55
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Көмүрдүн баасы бир айда дээрлик 6 пайыз арзандады

10.12.2021 16:07
744
Көмүрдүн баасы бир айда дээрлик 6 пайыз арзандады

Кыргызстан боюнча көмүрдүн чекене баалары 2021-жылдын 10-декабрына карата үстүбүздөгү жылдын ноябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 5,9 пайызга төмөндөп, бир тонна 5 342,8 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.


Маалыматка ылайык, көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 7 989,6 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 7 969,9 сом) жана Кербен (бир тонна үчүн – 7 824,6 сом) шаарларында катталды, муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 049,7 сом), Нарын (бир тонна үчүн – 4 449,7 сом) жана Токмок шаарларында (бир тонна үчүн – 4 598,9 сом) болгону байкалды.


Булак: kabar.kg


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн