Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Көмүрдүн баасы бир айда орточо 8,2 пайыз арзандады

31.12.2021 09:41
2003
Көмүрдүн баасы бир айда орточо 8,2 пайыз арзандады

Көмүрдүн чекене баалары 2021-жылдын декабрына бир тонна үчүн орточо 5 211,2 сомду түздү. Бул үстүбүздөгү жылдын ноябрына салыштырмалуу 8,2 пайызга арзан, - деп кабарлайт Улуттук статистика комитети.


Маалыматка ылайык, бул алардын Исфана (бир тонна үчүн 2 270,8), Баткен (бир тонна үчүн 2 120,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн 1 654,1 сом) жана Талас (бир тонна үчүн 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшү менен шартталды.


Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн 4 050 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн 4 450 сом), болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүргө болгон жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн 7 764сом), Баткен (бир тонна үчүн 7 599сом), Кербен (бир тонна үчүн 7 211сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн 7 000 сом) шаарларында катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн