Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 19:38
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Көмүскө бизнести ачыкка чыгаруу аракеттери чеги менен жүрүшү керек, - Азамат Темиркулов

20.03.2021 12:44
781
Көмүскө бизнести ачыкка чыгаруу аракеттери чеги менен жүрүшү керек, - Азамат Темиркулов

 

Кыргызстанда азыр бизнестин көбүнчөсү көмүскөдө, өздөрүнүн кирешесин так көрсөтүшпөйт, деп билдирди саясий илимдеринин доктору Азамат Темиркулов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.


Ал белгилегендей, анткени алар салык төлөөдөн качышат. “Азыркы күрөш мыйзамсыз адалдаштырган кирешелерди ачыкка чыгарып, төлөтүш үчүн болуп жатпайбы. Бул аракеттердин баары туура, бирок ошол эле маалда чектен чыгып кетпөө керек. Азыркы күндө кризис болуп, бизнес жакшы эле кыйналып жатат, социалдык кризистер орун алууда. Бизнести кысымдап көмүскөдөн чыгарабыз, салыкты төлөтөбүз деген аракеттер ого бетер ишкерчиликтин акыбалын күчөтүшү мүмкүн”, - дейт Азамат Темиркулов.


Анын айтымында, ансыз деле кыйналып аткан бизнес укук коргоо органдарынын аракеттерине учураса ого бетер кыйналат. Кээ бир бизнестер Россия, Казакстан сыяктуу башка коңшу өлкөлөргө качышы мүмкүн.


Эксперттин пикиринде, Кыргызстанга учурда инвесторлорду тарта албай жатканыбызды моюнга алуубуз керек. “Анткени, алар кысымдан качып, акчаларын чыгарып кетип жатышат. Мындай саясат чеги менен жүрүшү керек. Тактап айтканда, кайсы бир бизнести ачыкка чыгарабыз деген аракеттер белгилүү бир мыйзамдык алкакта гана ишке ашышы керек”, - деп билдирди Азамат Темиркулов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн