Кыргызстандын экономикасынын жарымынан көбү көмүскөдө деп айтылып келет. Орусча "теневая экономика" деп коебуз. Кыргызчада муну жөнөкөй эле "адал оокат" жана "арам оокат" деп коет. Демек Кыргызстанда иштеп, жашап келген жарандардын баарынын жеген, ичкен тамаганын, кийген кийиминин, жашаган үйүнүн тең жарымы арам. Ал эми арам оокат жеген адамдын жүрөгү, ою, амалдары, кылган иш-аракеттери, ниети, жада калса окуган намазы да эч качан адал болбойт. Эң өкүнүчтүүсү бул көйгөйдү Чубак ажы көрүнөн тирилип келсе да чече албайт. Бул көйгөйдү чечүү бир гана падышанын колунан келет.
"Падышанын бир күндүк кызматы жети атаңдын кызматынан артык" деген сөз кыргызда бекеринен айтылып калбаса керек. Бул жөнөкөй сөз менен акылман кыргыз эли реформа жүргүзүүнүн формуласын айтып койгон. Бул сөз менен президенттин жоопкерчилигин, анын абсолюттук бийлигин, анын күчүн, эркин көрсөтүп койгон. Бир гана кыргыз эли эмес, башкалар да ажону Кудайдын жердеги өкүлүнө теңеп келген, ошончолук сый-урмат көрсөткөн, ийменген, сыйлаган, корккон. Хандар да ошол сыйга татыктуу болгон.
Бирок азыркынын падышасы өзүнүн жоопкерчилигин сезеби? Анын бир күндүк амалы жети муунга чейин таасир этерин аңдайбы? Журт үчүн күйөбү? Арам оокатка белчесинен батып калган мамлекетти сууруп чыга алабы? Деги эле сууруп чыккысы келеби? Кеп мына ошондо.
Касым Рахманкулов
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн