Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Комуз күнүнө карата маданият кызматкерлери сыйланды

12.09.2022 09:28
2165
Комуз күнүнө карата маданият кызматкерлери сыйланды

Комуз күнүнө карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин ыраазычылык каттары тапшырылды.


Ведомстводон билдиргендей, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана маданият министри Азамат Жаманкулов президенттин Кыргызстанда “9-сентябрь Комуз күнү” жарлыгынын чыгышына демилгечи болгон, салттуу музыкалык искусствону сактоого жана өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн КР эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Амановага жана кыргыздын салттуу музыкасын эл аралык деңгээлде таанытууга, жайылтууга салым кошкон, Түрк тилдүү элдердин музыкалык искусствосун, бий өнөрүн изилдөө тобунун (ICTM) төрагасы, Стамбул университетинин профессору Абдуллах Акатка Маданият министрлигинин ыраазычылык каттарын тапшырышты.


Ошондой эле комуз өнөрү жаатында көп жылдык талыкпаган эмгеги үчүн СССРдин эл артисти Самара Токтосунова, КР эл артисттери Намазбек Уралиев, Зайнидин Иманалиев, Табылды Актанов жана Рахат Көчөрбаев сындуу өнөр ээлерине министрликтин атайын сыйлыктары тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн