Конго Демократиялык өлкөсүнүн Гома шаарына 10 километр алыстыкта жайгашкан Ньирагонго жанар тоосу жарылып, анын лавалары шаардын четиндеги үйлөрдү талкалап, аэропортко жакын келген.
Вулкан 22-майда ойгоно баштаган. Жергиликтүү бийлик аймакта жашаган тургундарды көчүрүү аракетин көргөн.
Акыркы жолу вулкан 2002-жылы атылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн