Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Конституция али кабыл алына элек, коомчулук талкуулайт, талаштан-тактык жаралат

18.11.2020 15:06
442
Конституция али кабыл алына элек, коомчулук талкуулайт, талаштан-тактык жаралат


"Президенттик диктатура орунойт" дегендерге


Чогуу бир коомдо жашап жүрүп эле анан өзүмдүн кыргыздарыма түшүнбөй калам. Мына эгемен мамлекет болгонубузга 29 жылдан ашты. 29 жыл супер Президенттик башкарууда жашадык. Кана кайсыл бир президентти мисал келтирип "Мыйзамдуулукту, Баш мыйзамдын талабын толук сактап, өзүнө тийиштүү укуктан чыкпай иштеди" деп кимиң айта аласың?


Бүгүнкү иштеп жаткан мыйзам боюнча ЖК укугу кандай эле? А.Атамбаев 6 жыл  ошол укукту ЖК бердиби? 3 жыл С.Жээнбеков ошол укукту ЖК бердиби? Баш мыйзамды бир жолу карап коюштубу? Караган болсо булар "чимкирик" аталышпайт эле го.


Жаңы Баш мыйзамдын  эки түрдүү долбоору жарыяланды. Бири кыргыз тилинде. Экинчиси орус тилинде. Туура. Буга чейинки 29 жыл президент болуп башкаргандардын  укуктары ачыкка чыгарылып болгону мыйзамдаштырылыптыр. Кейпи ошол жерде иштеген юристтер деле мыйзамсыздыктан тажашып, жашоо-турмуш кандай болсо ошондой жазалы дешсе керек. Буга чейинки президенттер так ушул долбоорлордо жазылган иштерди толугу менен мыйзамсыз жүргүзүшчү. Анан эле жаңылык тапкансып чуулдашса таң калат экенсиң. Болгондо да "чимкирик" депутаттар сүйлөсө күлөрүңдү же ыйлаарыңды билбейсиң. Депутаттар бүгүн деле тарай элексиңер. Кана айткылачы? Бир жолу колуңардагы Баш мыйзамга таянып А.Атамбаевге же С.Жээнбековго каршы сүйлөдүңөр беле? Өңүңөрдө түгүл түшүңөрдө андай ишке баргандан коркуп жүрүп өтүп баратасыңар да.


Бул болгону долбоорлор. Али кабыл алына элек. Коомчулук талкуулайт. Талаштан-тактык жаралат дегендей анан барып бир чечимге келебиз. Тим эле Баш мыйзам кабыл алынып, ишке кирип кеткенсип чуу түшкөндөр колдогу Баш мыйзам иштебей "чимкириктер" түрлүү атка конуп, өздөрүн да мамлекетти да шылдыңга кабылтып атканда кайда элеңер дейм да.


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн