Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Конституция жаңыланганы менен кайра эле эскилер келип жатат, - Азамат Темиркулов

13.04.2021 10:57
1100
Конституция жаңыланганы менен кайра эле эскилер келип жатат, - Азамат Темиркулов


Конституцияны өзгөрткөнүбүз менен бийликке кайра эле эски адамдар келип жатышат. Мындай пикирди саясат таануучу Азамат Темиркулов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


“Референдум менен Конституцияны өзгөртүп жатабыз. Бирок ал жөн гана кагазга жазылган текст. Ал текстти ким иштетип, ким ишке ашырат? Алар албетте, мамлекеттик органдарда, бийликте отурган адамдар. Алар ошол текстке баш ийип, мыйзам чегинде жумушту алып барып, Конституцияны теорияда иштетет. Бирок Кыргызстандын практикасында кандай Конституция болбосун, аны кандай өзгөртпөйлү жыйынтыгы жок. Биздин башыбыздан өтүп эле жатпайбы, ар бир президент алмашкан сайын, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип келишет. Бирок ошол Конституцияны иштеткен адамдар алмашпай эле, кайрадан тегеренип келип жатышат”, - деди Азамат Темиркулов.


Анын ою боюнча, азыр деле Конституция өзгөргөнү менен эски адамдар кайра эле келип жатышат. Демек, эч кандай өзгөрүү болбойт, мурунку адатынча иштеп жүргөндөй жумушту алып барышат дагы, мурдагы схема менен иштей беришет.“Ошондуктан эч кандай өзгөрүү көрбөй жатам”, - деп кошумчалады эксперт.     

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн