Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Сырттагы мекендештерибизге кысым болсо ким жооп берет?!

27.11.2020 16:06
1074
Сырттагы мекендештерибизге кысым болсо ким жооп берет?!


Конституциялык Кеңешменин төрагасы жана мүчөлөрү!


Эсиңерге келип, этияттык мамиле кылбасаңар, элдин убалына каласыңар!


Калкыбыздын саны 6,5 млн. Анын ичинен 650 миңи пенсионер, 370 миңи жөлөк пул алгандар,  150 миңи майыптар, 2,5 млну экономикалык активдүү калк.Так ушул экономикалык активдүү элдин ичинен бейрасмий  маалымат боюнча 1 млндон ашык журтташыбыз чет өлкөдө эмгектенип келсе, анын 90% Россияда. Ал эми, сыртта утурумдуу иштеп келген эмгек мигранттарынын жашы боюнча 24-60 жаштагылар дээрлик 80%.


Эмгек мигранттарынын которууларына ылайык өлкөнүн экономикасы кармалып келет. Же, Кыргызстандын ИДП жылдык көлөмү 7,5 млрд.доллар болсо, анын 34-35% же 2,5 млрд. доллар эмгек мигранттарына тийиштүү. Бүгүн ар бир үй-бүлөнүн үчүнчүсү мигрант болуп эсептелинет. Популистик маселени көтөргөндөрдүн үй-бүлөсү демек элдин жашоосунан сырт экени байкалууда.


Экономикабыз кескин төмөндөп, инфляция өсүп, азык-түлүккө болгон баа кыйла кымбаттады. Эгерде жыл башында инфляциянын көрсөткүчү 2,7% болсо, азыркы тапта 8-9% өстү. Кечээ ЖКда бюджетти 163 млрд. сом менен кабыл алса, 2021-жылдын биринчи кварталында өзгөртүүлөрдү киргизет, анткени өкмөт күткөндөй болбойт. Бүгүн негизги салыкты жана бюджетти толтуруучу кичи-орто бизнес кыйрады, мамлекеттен чыгарылган капиталдын көлөмү 400 млн. долларды түздү.  Ансызда кыйраган инвестициялык абалды силердин популистик чакырыгыңар күчөтүүдө.


 Дегеним, кече күндөн баштап Баш мыйзамдан орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушу көтөрүлдү. Социалдык айдыңда пикирлер ар тараптуу айтылып, туура жана агрессивдүү "Россия бизге ким болуп кетиптир", "Россия бизге эмне кылып коюптур"- деген таризде пикирлер арбын.


Тышкы, ички саясатка этияттык мамиле кылуу менен туура кадамдарга барышыбыз керек. Мекенчил болуу жакшы, бирок мамлекетчил болуу андан маанилүү.


Дүйнөлүк коомчулук эмне болуп кетер экен, кайсы жерден кыянаттык кылышат экен деп дыкаттык менен карап турганда, тышкы саясатка болгон мамиледе өтө этияттык, терең ойлонгон кадамдар керек. Тышкы саясатка келгенде популисттик кадамдар душман гана издеп берет...


Конституциялык Кеңешменин иштери стратегиялык мамилеге доо кетирип жатат.


https://ru.reporter.kg/v-gosdume-prizvali-vozvrashchat.../


Өз ырыскысын таап жүргөн биздин мекендештерибизге кысым болсо ким жооп берет?! Ким алардын үй-бүлөсүн багып, жардам берет? Кимиңер?


Талкууларда этият болушунарды чакырам!


Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын лидери

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Их на мыло