Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Конституциялык кеңешме эмне үчүн өз ишин токтотушу керек?

03.12.2020 13:45
569
Конституциялык кеңешме эмне үчүн өз ишин токтотушу керек?

 

Учурда Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгечи болду делген Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Конституциялык кеңешме талкуулап жатат. Күн сайын ондогон адамдар чогулуп ар кандай сунуштарды айтып, “башпаган ашка” от жагууда десек болот. “Бышпаган аш” дегенибиздин себеби, учурдагы Баш мыйзам президенттик шайлоодон кийин эч нерсеге жарабай калышы мүмкүн. Анткени, ал президенттик башкарууга негизделип жазылган. Кыргызстанга кандай башкаруу керектиги боюнча маселе 10-январдагы президенттик шайлоодо элдин сынына коюлат. Бул боюнча президенттикке талапкер, өкмөт башчынын милдетин убактылуу токтоткон Садыр Жапаров да 7-каналга берген маегинде айткан эле.


"Былтыр депутат Курманкул Зулушев парламенттик же президенттик башкарууну тандоо боюнча референдум өткөрүүнү Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоодо кайсы башкаруу формасын тандоо боюнча элдин шайлоосуна койсо деп суранып кетет элем”, - деген Жапаров.


Учурда депутаттар ушул багытта мыйзам даярдап, аны БШКга сунуштоо алдында турат. Ошентип Кыргызстанга кандай башкаруу керектиги 10-январдагы добуш берүүдө эл тарабынан аныкталат. Андыктан азыркы Конституциялык кеңеше тез арада ишин токтотушу керек. Анткени, эл парламенттик башкарууну жактай турганын билдирсе булардын Баш мыйзамы эч нерсеге жарабай калат.  Же булар добуш берүүнүн жыйынтыгын алдын ала билип койгонбу?


Канатбек Аскаров


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Негизи елге конституция кереги деле жоктой.Ел озун озу багып отурат