Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Конституциялык палата: Парламенттик шайлоону жылдыруу мыйзамдуу

02.12.2020 19:43
576
Конституциялык палата: Парламенттик шайлоону жылдыруу мыйзамдуу

Конситуциялык палата Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоосунун жылыдырылышы боюнча чечимин чыгарды. Мындай маалымат Конституциялык палатынын отурумунан кийин белгилүү болду.


Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палатанын чечимин Карыбек Дүйшеев окуду.

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» конституциялык мыйзам Конституциянын 2, 3, 5, 16, 20, 52, 70, 71 жана 80-беренелерине каршы келбейт деп таанылсын. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт", -деп окуду Дүйшеев


Парламенттик кайра шайлоону убактылуу токтоткон мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо тууралуу арыз менен Конституциялык палатага ”Реформа” саясий партиясы жана активисттер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылышкан. Алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтышкан.


"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова мыйзамды кабыл алуу процедурасы одоно бузулганын билдирген:


"Кыргызстандын укуктук системасынын тарыхында мындай укук бузуу болгон эмес. Бир эле күндө демилгеленип, бүт фракцияларда жана комитеттерде талкууланып, коомдук талкууга чыгарылып, кабыл алынды жана бир эле күндө ага президент кол койду".


Соттук отурумга катышкан парламенттин, президенттик аппараттын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү "Реформа" партиясынын жана активисттердин арызын негизсиз деп аташкан.


Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы он чакты саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен бүткөн жана өлкөдө бийлик күтүүсүз алмашкан.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Что и следовало ожидать.