Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:28
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Конституциялык реформа: Саясий союлга айланган соттордун көйгөйү

04.12.2020 16:18
452
Конституциялык реформа: Саясий союлга айланган соттордун көйгөйү

Кыргызстанда бийлик алмашканда же баш мыйзам жаңыланган сайын соттордун күңкарамалыгынын көйгөйү көтөрүлөт. Азыр дагы бир жолу адилеттүү сот бийлигин куроонун баш мыйзамдагы эрежеси кызуу талкууга алынып жаткан учуру. Маселе соттордун эчтекеден коркпой-үркпөй, адилет иштешине жеткирген механизмди баш мыйзамда бекитүү жөнүндө болуп жатат.


"Жогорку Соттун төрагасы жергиликтүү соттордун төрагаларын өзү дайындасын деп атабыз. Президент эмес, анын аппараты эмес. Жактырганын Биринчи май районуна, жакпаганын Баткенге жөнөтөт эмеспи. Ошону Жогорку Сот бийлиги өздөрү чечсе деп атабыз",-дейт Конституциялык кеңештин мүчөсү, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов.


Кыргызстанда жергиликтүү соттордун судьяларын сот тандоо кеңешинин сунушу боюнча президент дайындайт. Сотторду тандоо кеңешин үчкө бөлүп, судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция шайлайт.


Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес. Жергиликтүү соттун судьялары биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курактык чегине жеткенге чейин дайындалат. Аларды кызматтан президент бошотот.


Жогорку Соттун судьяларын кызматтан президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда бошото алат.


Он жылдан бери иштеп аткан бул механизм соттордун өз алдынчалыгын жана адилеттигин камсыз кыла албады. Соттор баягыдай эле президенттин же коалициялык бийликтин көзүн карап, алардын колундагы саясий курал болуп жатат деп сынга алынууда.



Курултайдын кезеги

Эми Жогорку Соттун судьяларын баш мыйзамга жаңы кирип жаткан элдик курултай шайласын деген сунуш айтылууда.


"Сот бийлигинин башында тура турган татыктуу, тажрыйбасы бар он беш чакты талапкерди курултайдын жеңил рейтинг добушуна кое бериш керек дагы, ошонун алдыңкы добуш алган тогузун Жогорку Соттун президиуму же төр кеңеши деген структураны киргизип туруп, ага сот бийлигинин ийнесине жибине чейин жооп берүүгө укук-милдеттерди тагыш керек. Сотторду тандоо кеңеши да болбой калды. Комиссия өзүн дискредитация кылды", -дейт Элдик курултай жөнүндө демилгени дембе-дем көтөрүп жаткан конституциялык кеңештин мүчөсү Кадыр Кошалиев.


Октябрдын башында болгон парламенттик шайлоо чырга айланып, массалык тополоң чыгып, БШК шайлоону жараксыз деп жарыялады. Президент менен өкмөт алмашты. 10-январда президенттик шайлоо дайындалды. Ал эми парламенттик шайлоону кое туруп, адегенде конституциялык реформа жүргүзүп алуу жөнүндө чечим чыккан.


Жогорку Кеңештеги 80 депутаттын атынан баш мыйзамдын жаңы долбоору талкууга коюлду. Бирок бул иштин баш мыйзамда каралган эрежеге ылайык болбой жатканы жөнүндө талаш-талкуу токтой элек.


Ошол себептүү, онунчу январда президенттик шайлоо менен катар референдум өткөрүлүп, элге мамлекеттик башкаруу модели жөнүндө суроо коюу жөнүндө сунуш болууда. Эл референдумда чечим кабыл алгандан кийин гана ошого жараша конституциялык реформа жүргөнү туура болот дешет.


Булак: Би-Би-Си

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн