Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Конституциялык реформага каршы чыкпаган депутаттар казино ачууга эмнеге каршы чыгышты?

22.04.2021 12:18
1032
Конституциялык реформага каршы чыкпаган депутаттар казино ачууга эмнеге каршы чыгышты?


21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көл облусуна оюн-зоок комплекси, казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп беришти. Добуш берүүгө 91 депутат катышса, анын 68и «макул», 23ү «каршы» добуш берди.


Ошентип добуш берүүдөн кийин бул маселе коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылды. Айрым депутаттар «Мыйзам долбоорунун темасында казино деген сөз жок болгонунан билбей «макул» деп добуш берип алдым» деп чыгышты. Дагы бирөөлөрү жаңылып «макул» деген кнопканы басып алганын айтышты. Дагы бир топтору ыйык Рамазан айында казино ачуу тууралуу мыйзам долбоорун парламентте карабай эле коюш керек эле дешти.


Бир сөз менен айтканда, Ысык-Көлдө казино ачуу боюнча мыйзам долбоору Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбооруна салыштырмалуу кыйла жандуу талкуулангансыды. Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституция боюнча референдумду дайындоого биринчи окууда 87 депутат «макул» деген добуш берип, болгону 9 гана депутат «каршы» добуш берген. Буга макул болгондордун көпчүлүгү мурда парламенттик башкаруу системасын жактап жүргөндөр болчу.


Ушундан улам суроо жаралат, мамлекеттин башкаруу формасын аныктаган мыйзам долбооруна караганда, Ысык-Көлдө оюн-зоок комплексин, казино ачууга байланышкан мыйзам долбоору ашкере маанилүү болуп калдыбы? Анын үстүнө ал казиного Кыргызстандын жарандары кирип ойной албай турганы айтылып жатат. Чет өлкөдөн келген туристтер үчүн гана эшиги ачык болот. Мындай казинолор башка мамлекеттерде деле бар. Кыргызстандын айрым кумарпоздору коңшулаш Казакстандагы казинолорго барып ойноп келип жатышканын да айткандар бар. Акчасы көптөр алтургай алыскы мамлекеттерге чейин барып келишет экен. Демек, ал мамлекеттерден чет мамлекеттерден келген туристтердин, коноктордун акчаларын өздөрүндө алып калып жатышат. Ага өздөрүнүн жарандары нааразы деле болушкан жок. А бизде эмнеге нааразы болушууда?


Өзгөчө депутаттар муну ыйык Рамазан айы менен байланыштырып, талкууга жем ташташкандары туурабы? Кандай болгон күндө да Кыргызстан светтик өлкө эмеспи? Же жаңылып жатабызбы?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн