Бугу 13, 2024
Убакыт: 05:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Конституциялык сот матчество боюнча чечимин кайра карап чыкты

10.11.2023 09:20
270
Конституциялык сот матчество боюнча чечимин кайра карап чыкты


Конституциялык сот матчество боюнча чечимин карап чыгып, документтен "бойго жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот" деген жерин алып салды.


Буга чейин сотко кыргызстандык активист Алтын Капалова кайрылган. Ал уулунун паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууну суранган, бирок сот бала кийин кодулоого кабыл болушу мүмкүн деп баш тарткан. Ошол эле учурда Конституциялык сот жашы жеткендерде атасынын же энесинин ысымын алуу укугу болушу керектигин айткан.


Жарыяланган бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Матчествого мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, муфтий Замир Ракиев жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев каршы чыккан.


Октябрь айында Конституциялык сотко Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укук берүү каралган.


9-ноябрда Конституциялык сот матчество боюнча чечимин карап чыгып, "бойго жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот" деген жерин алып салды.


Чечимде "матчество институтун киргизүү коомдун басымдуу бөлүгү тарабынан терс кабыл алынганы, муну алдын ала боолголоого мүмкүн болгон эместиги” айтылат.


"Соттун бул позициясын көпчүлүк кыргыз элинин адеп-ахлагына, баалуулуктарына жана каада-салтына шек келтирген терс көрүнүш катары кабыл алынганына байланыштуу коомчулукта резонанс жаратты", - деп белгиленет документте.


Ошол эле учурда Конституциялык сот кабыл алынган чечимде айтылгандардан күмөн санабай турганы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн