Конституциялык соттун мурдагы судьясы, Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Сакан Сатыбеков 91 жашында каза болгонун Жаза аткаруу кызматы билдирди.
Ал 16-июлда каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 17-июлда болот.
Сакан Сатыбеков көп жылдар бою КМУда мугалим, 1994-1999-жылдары Конституциялык соттун судьясы болуп иштеген.
Ошондой эле юридика илимдеринин кандидаты, профессор, эл агартуунун отличниги.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн