Бугу 07, 2024
Убакыт: 19:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Конституциялык соттун судьялары жана депутаттар тегерек столго катышууда

01.11.2022 14:10
459
Конституциялык соттун судьялары жана депутаттар тегерек столго катышууда



Бишкекте «Конституциялык сот адилеттигинин контекстинде сот бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин өз ара мамилелери» темадагы тегерек стол өтүүдө. 


Маалым болгондой, иш-чарага #ConstsotKG судьяларынын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөлөрү катышууда.


Тегерек столдо Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана мындан ары арттыруу суроолору талкууланды.


Мындай иш-чараны өткөрүү коомду конституциялаштырууда, Конституцияны коргоо жана сактоодо, мамлекеттеги мыйзамдуулукту камсыздоодо бийликтин мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын ар биринин ролун өз ара түшүнүүгө жана алардын өз ара тыгыз иштешине өбөлгө түзөт деп эсептейбиз.


Тегерек столдо Алла Спале - Латвиялык эл аралык эксперттин, ошондой эле Александру Тэнасе - Евробиримдиктин «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын негизги экспертинин баяндамалары каралды.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан, Евробиримдиктин «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын колдоосу менен уюштурулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн