Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Конституциянын даяр долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт

25.01.2021 12:13
636
Конституциянын даяр долбоору  Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт

Конституциялык кеңешме жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишин аяктады. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Шерипов «Кабар» агенттигине билдирди.


Анын айтуусуна караганда, ушул жумада жыйынтыктоочу секциялык жана пленардык жыйын болуп, андан соң жаңы Башкы мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште жөнөтүлөт.

«Долбоордогу беренелерди бир нече ирет карап чыктык. Биз аны өркүндөтүп, юридикалык жана лингвистикалык анализ жүргүздүк», - деди ал.

Шерипов кошумчалагандай, жыйынтыктоочу отурумдан соң жаңы Конституциянын долбоору парламентке өткөрүлүп берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн