Бугу 07, 2024
Убакыт: 17:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

09.02.2021 14:16
966
Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы Жарлыгына ылайык түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун карап, талкуулоодон кийин кайра демилгечилердин кароосуна жөнөттү.


Ага ылайык, кеңешменин сунуштары эске алынып, иштелип чыккан Конституциянын долбоору расмий сайтка мурда коюлган долбоор менен алмаштырылды.


"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу


Кыргыз Республикасынын Конституциясы


"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү" мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн