Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Конституциянын жаңы долбоору мамлекетти жакшы жакка өзгөртө алабы?

18.11.2020 10:32
634
Конституциянын жаңы долбоору мамлекетти жакшы жакка өзгөртө алабы?


«Алдыга бир кадам, артка эки кадам» принцибине өттүк окшойт. Кече 17-ноябрда өлкөбүздүн бардык аймактарында референдумду 2021-жылдын 10-январына дайындоо боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Башкача айтканда, президенттик шайлоо менен чогуу конституциялык реформа боюнча референдумду да өткөрүү сунушталууда.


Адегенде бул мыйзам долбоорунун негиздеме-маалыматында жазылган жагдайга көңүл буралы: «Элдик курултай институтун киргизүү, өкмөттү түзүү жана анын иши үчүн жоопкерчиликти мамлекет башчысына жүктөө менен президенттин, өкмөттүн институттарын кайра форматтоо, парламент институтунун курамын сан жагынан тактоо, башка мыйзамдык жаңычылдыктар сунушталат».


Жаңы мыйзам долбооруна ылайык элдик бийликтин жогорку кеңешүүчү органы – бул курултай болуп саналат. Ал эми Жогорку Кеңештин таасири кыйла төмөндөйт. Жогорку Кеңештин төрагасы да Элдик курултайга келип отчет берип турат. Ал эми өкмөт мүчөлөрү буга чейин болуп келгендей Жогорку Кеңештин алдында отчет берүүдөн калат.


Ал эми президент мамлекет башчысы болуу менен бирге аткаруу бийлигин да жетектейт. 5 жылдан эки мөөнөткө шайлана алат. Президент өкмөт башчысын жана анын курамын өзү дайындайт. Болгону Жогорку Кеңештен макулдук алып коет. Президенттин ыйгарым укуктары күчтүү болуп турса, ал өзү каалагандай өкмөттү түзүшүнө парламент кантип тоскоолдук жаратмак эле? Анан дагы өкмөттүн иши президенттин администрациясы тарабынан камсыз кылынат. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдөгү экинчи адам премьер-министр болуп калат, ал эми спикер үчүнчү орунга жылат. Жогорку Кеңеш президенттин ар жылдык кайрылууларын жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүн гана угуп, анан мыйзам чыгаруу менен гана алектенип калат.


Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлары менен ага карата белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер өз пикирлерин айта баштады. Мисалы, президенттикке талапкерлердин бири Садык Шер: «Ушул мыйзам долбоорун көрсөтпөстөн эле депутаттардан кол коюп берүүсүн сурануулар болуп жатат деп уккам. Ошонун чын экенине эми ынанып отурам. Менин оюмча ага кол койгон депутаттардын көпчүлүгү аны окубай туруп эле кол коюп беришсе керек. Бул мыйзам долбоору бизди кайра 20-30 жыл аркага кетирет. Себеби, анда бири-бирине карама-каршы клеген нормалар көп. Мисалы, Жогорку Кеңешти эл шайлап жатса, эмне үчүн анын үстүнөн дагы бир орган (элдик курултай) болушу керек. Мыйзам долбоору боюнча бардык бийлик президенттин гана колуна топтолот» дейт. Ошондой эле ал бул мыйзам долбоору менен биз тоталитардык, авторитардык режимге кайтып бара турганыбызды, 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан 90 баланы өлүмүн бат эле унутуп калганыбызды эске салат.


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да жаңы Конституциянын долбооруна кол койгон депутаттардын аны окуп чыкканына жана аңдап түшүнгөнүнөн күмөн санайт. «Кесиптештерим таарынышпасын, бирок депутаттар дагы бир жолу өздөрүнүн принциптери жоктугун көрсөттү. Окубай туруп, кол коюу менен. Эгерде мага ишенбесеңер, ошол 80 депутаттын баарына өздөрү кол койгон Конституциянын долбоору боюнча бир катар суроолорду бериңиздерчи, өзгөчө деталлдарына кызыгыңыздар. Бүгүн кандайдыр бир шпаргалка күтүштү, аны менен суроолорго жооп берип жана өзгөрүүлөргө кыскача түшүнүк алыш үчүн. Мыйзам долбоору албетте парламентте жазылган жок», - дейт ал. Анан дагы ал эч нерсе чечпеген өкмөт башчы эмне кыла турганын, эгер баарын президент чече турган болсо, анда алсыз парламенттин эмне кереги бар экенин айтат. Мыйзам долбоорунда фракция деген да түшүнүк жок болгондуктан, депутаттар кайсыл фракцияларга бириге турганы да түшүнүксүз. «Эгерде күчтүү курултай болсо, анда парламент эмнеге керек? Аткаруу бийлигин контролдоо болбойт экен, а министр депутаттын анын элдик кайрылуусу менен кайрылганына да көңүл бурбай кое алат», - деп жазат Бекешев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына. Дагы бир постунда: «Жаңы Конституциянын долбоору – 2010-жылдын 7-апрели үчүн Бакиевдердин өч алуусу» деген.


Экс-президент Роза Отунбаева болсо журналисттердин бирине берген интервьюсунда: «Азыр Бакиевдин юристи Конституцияны жазып жатат» деп билдирген эле. Анын айтымында бул юрист 2007-2010-жылдары Курманбек Бакиев ооруп калса, анын бийлиги уулу Максимге өтөт деген мыйзам долбоорун киргизген экен. «Эми он жылдан кийин, саясат жана коом алдыга жылып калганда Конституция жазып жатат. Ал кайсыл акылы менен жазып жатканына таң калам», - дейт Роза Отунбаева.


Интернеттеги социалдык түйүндөрдө да бул Конституциянын жаңы долбооруна нааразы болгондор арбын. Чын эле бизге аркага кайтуунун кажети барбы? Же президенттик, авторитардык режимдин натыйжасы кандай болорун көргөн жок белек?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Легитимсиз парламент озу толук тушунбойт .Сабатсыз го баары