Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жаңы долбоордун качан даяр боло турганын айтты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
"Акыркы маселелер калды. Менин оюмча, жуманын аягына чейин Конституциялык долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттарына жөнөтөбүз. Андан ары референдум өткөрүү маселесин ЖК чечет",-деди Бөрүбашев.
Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоору Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн