Бүгүн, 27-январда Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо үчүн түзүлгөн Коституциялык кеңешме ишин жыйынтыктады.
Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кеңешме ишин 35 күн жүргүзгөнүн айтып, конституциянын жаңы долбоорунун учурдагы этабын канааттандырабы деген суроо коюп, аны катышуучулардын добушуна койду.
Конституциянын жаңы долбоорунун редакциясына карата көпчүлүк "макул" деген добушун берди.
Акырында төрага баардыгына ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы протолколдук иштерди секциялардын жетекчилери менен орун басарлары жүргүзөрүн билдирди.
Акырында Конституциялык кеңешменин бардык мүчөлөрү тарыхый күнгө эстелик катары сүрөткө түшүштү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн