Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Конституциянын жаңы долбооруна каршы кол топтоо башталды

23.11.2020 13:58
618
Конституциянын жаңы долбооруна каршы кол топтоо башталды


Кыргызстанда активисттер Конституцянын жаңы долбооруна  каршы кол топтоп баштады. Бул боюнча стоп-референдум (stop-referendum-kg.com)  сайты иштеп жатат. 


Активисттер аталган сайтка кирип, петиция толтурууга чакырууда. 


Алардын талабы: 

1. Конституциялык референдумду өткөрүү демилгеси артка кайтарылсын;
2. Президенттик жана парламенттик шайлоолор өз мөөнөтүндө өткөрүлсүн;
3. Бийлик бутактарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына жараша иш алып баруусу.

Конституциянын сунушталган долбоору коомдук талкууга коюлган эмес. Конституциялык референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизүү тартиби бузулган. Буга карата Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын токтому жок жана эксперттер менен жарандардан турган конституциялык кеңешме өткөрүлгөн эмес”, - деп жазылат билдирүүдө.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Хыйнаева Батихан
Азыркы биздин мамлекеттин акыбалында жаны Конституция кабыл алабыз деп саясатчы соройлордун жанын садага чаап жатышын туура корбойм.