Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыгып, митинг уюштурган активисттердин бири Тилекмат Куренов кармалды. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов билдирди.
"Ыкчам маалымат!
Куугунтуктан азап чегип, запкы көргөн бийлик бул кадамыңар жеткен наадандык!
Буга чейин бийликтин кемчилигин, туура эмес жолго баратканын айтып жүргөн Тилекмат Куреновду азыр ГУБОПго алып кетишиптир.
Урматтуу журналистер, коомдук-саясий ишмерлер, кадырлуу кыргыз эли Тилекмат Куреновго ойлонулуп жазалган кине коюлушу мүмкүн. ГУБОПго баратабыз. Маалымат берип турабыз",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (1)