Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары кыйла төмөндөтүлдү

10.03.2021 20:46
542
Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары кыйла төмөндөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш-чараларынын бекитилген Планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары үчүн  консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын төмөндөтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн, өзгөчө Кыргыз Республикасынын чет жакта жүргөн жарандарынын арасында  суроо-талап жогору түрлөрүнүн баасы бир кыйла төмөндөтүлдү.


Алсак, 2006-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүктөрдү тариздөөгө, никеге турууну каттоо жана никелешүү тууралуу күбөлүк берүүгө, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды каттоо жана тариздөөгө, туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүгө жана нотариалдык аракеттерге болгон баалар төмөндөтүлдү.


Ошондой эле кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин идентификациялык карта - 2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) тариздөөгө документтерди кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүү укугун белгилейт.


Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн