Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аткезчилик менен күрөшө албай, калп маалымат берген жетекчилерди иштен алыш керек, - Акаев

13.05.2020 13:02
859
Аткезчилик менен күрөшө албай, калп маалымат берген жетекчилерди иштен алыш керек, - Акаев

 

Монополияга каршы күрөшү мекемесинин, финполициянын, салык кызматынын, үч төрт жетекчисин кызматтан алыш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңеште өкмөттүн өткөн жылга болгон отчеттун угууда депутат Жанар Акаев билдирди.


Анын пикиринде, элдин Өкмөткө болгон ишеними өтө аз.

 

"Карайбыз, көрөбүз деген сөздөргө эл ишенбей жатат, биз депутаттар колдой беребиз. Бишкектин тегерек чети контрабанда бензинге толду. Жакында контрабандистер Ак Үйгө келип депутаттарга да сатканы калды. Адистердин айтымында бир жылда 5 миллиард сомдой каражат күйүүчү майдын контрабадасынан улам түшпөй жатат. Сунуш берет элем, сиз монополияга каршы күрөшү мекемесинин, финполициянын, салык кызматынын, үч төрт жетекчисин кызматтан алышыңыз керек. Чечкиндүү кадамга барганда контрабанда токтойт. Кийинки келген жетекчиге контрабанданы токтотуш керек. Баткенде 22 факт катталды, ал түшкө чейин эле өтөт, булардын маалыматы жалган болуп жатат. бюджетти толтуруну контрабандадан тапсак болот. Ал эми ишин аткара албагандарды жумушунан алыш керек”, - деди Акаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн