Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:28
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилүүдө

02.09.2021 16:44
573
Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилүүдө

Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилүүдө. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.


Чечим россиялык тараптан сунушталган аппараттык жана программалык ККМ жаңы моделдеринин катышуусунда пилоттук долбоорду өткөрүү жолу аркылуу фискалдык маалыматтарды онлайн-режимде берүү функциясы каралган контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу механизмин өркүндөтүүгө багытталган.


Пилоттук долбоор пилоттук долбоордо колдонулган фискалдык модулдары бар контролдук-кассалык машинанын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана баалоого, фискалдык маалыматтарды онлайн режимде салык органына чогултууга, аны оңдолбогон түрдө коргоп сактоого, чогултуунун жаңы технологияларын сынап көрүүгө, салык кызматынын маалымат системасына эсептөөлөр тууралуу маалыматтарды берүүнү уюштуруу үчүн байланыш тармактарын жана сервердик жабдуулардын кубаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн текшерүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле экономикалык натыйжалуулукту, реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүүнүн жаңы технологияларын пайдалануунун оптималдуу ыкмаларын жана чектерин аныктоого, ошондой эле ККМ карата коюлган талаптарга дал келүүсүн текшерүүгө мүмкүндүк берет.


Учурда өлкөдө маалыматтарды онлайн-режимде берүү функциясы каралган болжол менен 21, 2 миң ККМ катталган, анын ичинде 3,2 миң ККМ жаңы техникалык талаптарга туура келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн