Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Көңүл буруңуз! Сузакта 50 жаштагы Бекболот Боронбаев изделүүдө

10.01.2022 10:33
996
Көңүл буруңуз! Сузакта 50 жаштагы Бекболот Боронбаев изделүүдө

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылынын тургуну 1972-жылы туулган Боронбаев Бекболот Дубанакулович 2021-жылдын 29-декабрь күнү саат 10:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Учурда Боронбаев Бекболот Дубанакуловичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, арык дене түзүлүштө, сакалы бар, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө күрөң түстөгү куртка, кара түстөгү шым, кара түстөгү массы-галош болгон. 


Дайынсыз болуп жаткан Боронбаев Бекболот Дубанакулович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. 


Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0550 31 31 22.  




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн