Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:25
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Көңүл жубатуучу беттеште кыргыз балбаны тажик спортчусуна мүмкүнчүлүк берген жок

08.10.2021 16:36
1832
Көңүл жубатуучу беттеште кыргыз балбаны тажик спортчусуна мүмкүнчүлүк берген жок

Бүгүн, 8-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтынчы күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.


Дүйнө чемпиондугуна 77 килограмм салмакта катышкан Кайрат Түгөлбаев коло байгеге күрөшүү үчүн жубатуучу беттеште тажикстандык балбан менен кез келип, 5:1 эсебинде жеңди.


Калыс беттешти токтоткондон кийин тажик балбаны Кайрат Түгөлбаевди жөөлөгөнгө жетишти. Өз кезегинде кыргыз балбаны ага жооп кылып бир нерсе деп айтты.


Калыс Кайрат Түгөлбаевдин колун көтөрүп, кол алыштырганда дагы эки балбан кыска сүйлөшүүгө жетишти. Муну менен кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн