Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:12
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Коомчулуктун 90 пайызы өкмөттүн ишине нааразы, - Жанар Акаев

11.05.2020 19:34
1782
Коомчулуктун 90 пайызы өкмөттүн ишине нааразы, - Жанар Акаев

 

Коронавируска каршы күрөшүүгө келген бардык каражаттар тууралуу элге ачык-айкын маалымат берилүүсү керек, деп билдирди депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 11-майда кезектеги жыйынында.


Анын айтымында, коомчулуктун 90% өкмөттүн аткарган ишине нааразы, ишенбейт.


Ачык саясат жүргүзүлбөй чабал иштер көп болууда. Ошондуктан аткаруу бийлиги түшкөн каражаттын барын элге ачык инфографика менен так көрсөтүп бергиле" –деди депутат Жанарбек Акаев.


Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамов казынанын бир бөлүгүн чет өлкөдөгү мекендештер толтургандыктан, учурда аларга жардам берилбей жатканын көтөрдү. «Күнүгө мага Россияда иштеген биздин журтташтардан кайрылуулар көп келүүдө. Алар кыйналышууда, орто жолдо калышты. Ушундай учурда жардам берип, атайын сүйлөшүүлөр менен алып келбейби өкмөт», - деди ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сибастиян
Эч ким эч кимге ишенбейт, силерге, тигилерге, буларга, баарына, Короче жёсткий куса.