Бугу 08, 2024
Убакыт: 04:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Коомдук ишмерлер экс-спикердин жакындарынын кайгысын тең бөлүштү

24.05.2020 23:01
1073
Коомдук ишмерлер экс-спикердин жакындарынын кайгысын тең бөлүштү

Экс-спикер, Кыргызстандагы белгилүү юрист, чыгаан коомдук-саясий ишмер Мукар Чолпонбаев 24-майда 70 жашында дүйнөдөн өттү. Анын өлүмүнө учурда дүйнөнү каптап жаткан коронавирус себеп болгону айтылды. 5-майда вирус жуктуруп алып ооруканага түшкөн М.Чолпонбаев бир нече күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Бул окуяга байланыштуу өлкөдөгү белгилүү коомдук ишмерлер маркумдун жакындарына, туугандарына, досторуна көңүл айтты. Аны биз өзгөртүүсүз сунуш кылабыз.


- Коомдук-саясий ишмер Мукар Чолпонбаев менен түбөлүк коштошуу, бул жаратылыштын мыйзамы болсо дагы элге, эгемен мамлекетибиздин пайдубалынын түптөлүшүнө өз салымын кошкон ушундай инсандардын дүйнөдөн өтүп кетиши баарыбыз үчүн орду толгус оор жоготуу.

Чолпонбаев Мукар Шалтакович Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышынын жана «Легендарлуу парламенттин» тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты болгон.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетин, Ташкент башкаруу жана политология институтун аяктаган соң, эмгек жолун 1-Май районунун прокуратурасында жөнөкөй тергөөчү болуп эмгектенүүдөн баштаган. Ошондой эле  Кыргыз транспорт прокуратурасында улук тергөөчү, Кыргыз ССРинин башкы прокурорунун алдында өзгөчө иштер боюнча тергөөчү эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы, Чүй обусунун юстиция башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында бөлүм башчысы кызматтын аркалаган. Кыргыз Республикасынын юстиция министри болгон.

Мукар Чолпонбаев кесипкɵй, ɵз милдетин чоң жоопкерчилик менен аткарган инсан болчу. Атуулдук ариети бийик, билимдүү интеллигент адам эле. Ал бүткүл өмүрүн кыргыз элине, өлкөсүнө ак кызмат кылууга арнады. Чыныгы жаратмандыктын, таза жашоонун, бийик адамгерчиликтин, мекенчилдиктин өрнөгүн көрсөттү. Кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасады.

Ал жогорку окуу жайлар үчүн "Гражданское право", "Право интеллектуальной собственности", "Законодательство о дисциплине труда" окуу китептерин жазды. Ошондой эле 16 илимий макаланын автору болчу.

Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, келечек муунга сабак болот.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.


Курманбек Осмонов

Бекболот Талгарбеков

Турсунбай Бакир уулу

Бөдөш Мамырова

Жылдызкан Жолдошева

Улугбек Ормонов

Надира Нарматова

Элмурза Сатыбалдиев

Камчыбек Ташиев

Нариман Түлеев

Урмат Бактабасов

Марат Султанов

Рысбек Мирзаматов

Марат Кайыпов

Иман Кочкорбаев

Жаныбек Бекназаров

Кубанычбек Кадыров

Равшан Сабиров

Медербек Сатыев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн