Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:15
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Коомдук саламаттыкты сактоо жана жарандык коргонуу мыйзамдарына өзгөртүүлөр кирди

08.05.2020 17:43
1026
Коомдук саламаттыкты сактоо жана жарандык коргонуу мыйзамдарына өзгөртүүлөр кирди


Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө“, „Жарандык коргонуу жөнүндө“ мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам 2020-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен инфекциялык оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу келип чыккан учурда чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилгенде адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөлөрдүн тизмесин киргизүү каралган.

Андан тышкары, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам реакция кылууга башкаруу, күч органдарынын жана каражаттардын даярдыктарын камсыз кылуу максатында «Жарандык коргонуу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Сунушталып жаткан өзгөртүү боюнча зарыл болгон (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген) учурда өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаалдын зонасына кирүүсүн убактылуу чектейт, өзгөчө кырдаалдын зонасында жайгашкан уюмдардын ишин убактылуу токтотот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн