Кийинки жумадан коомдук транспорт ишемби түштөн кийин
жана жекшемби күнү таптакыр жүрбөйт. Бул тууралуу Саламаттыкты
сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, бала бакчалардын кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары катталууда.
“Экономикалык абалды эске алуу менен буга чейин, этап-этабы менен иштерди жанданттык. Тилекке каршы жаңы учурлар көбөйүп жатат. Эгер мындай көрүнүш улана берсе анда катуу чараларга барууга аргасыз болобуз. Чектөө чаралары дагы күчөтүлөт. Ал эми кийинки жумадан тарта коомдук транспорт ишемби түштөн кийин жана жекшемби күнү таптакыр жүрбөйт", - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн