Бугу 13, 2024
Убакыт: 11:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Коомдук транспортто Visa картасы менен жол акысын төлөсө болот

29.07.2021 11:31
396
Коомдук транспортто Visa картасы менен жол акысын төлөсө болот

Бишкектин автобус жана троллейбустарында Visa картасы аркылуу жол кире төлөө ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Жүргүнчүлөр жол кирени төлөө үчүн банктык картасын валидаторго тиркесе жетиштүү болот. Жаңы функциянын учурда бардык муниципалдык транспорттордо сынамык тартипте иштеп жатканы белгиленет.


Мэрия транспортто орнотулган терминалдар Кыргызстандын бардык банктарынын Visa карталарын төлөм үчүн кабыл алат деп ишендирди.

Жол кирени "Тулпар" картасы менен да төлөөгө болот. Жол акысын накталай эмес ыкма менен төлөөнү (атайын картаны пайдалануу менен) камтыган бул долбоор былтыр киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн