Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коомдук транспорттор ишемби, жекшемби күндөрү токтотулду

25.06.2020 17:16
1317
Коомдук транспорттор ишемби, жекшемби күндөрү токтотулду


Бишкек шаарында коомдук транспорттор ишемби, жекшемби күндөрү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев брифингде билдирди.


Анын айтымында, дем алуу күндөрү такси кызматы да ишин токтотот.


“Коронавирус илдети шаарыбызга жайылып бара жатат. Тартип сакталбагандыктан шаарга жайылып кетти. Илдет бүгүнкү күндө шаардын ар бир жеринде жана биздин кошуналарыбызда. Андыктан сабырдуулук менен мамиле кылганга өтөлү. Ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспортту толугу менен жаптык”, - деди Түлөбаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн