Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коомдук транспорттор күчөтүлгөн тартипте дезинфекциядан өтүүдө (фото)

19.03.2020 14:11
772
Коомдук транспорттор күчөтүлгөн тартипте дезинфекциядан өтүүдө (фото)


Жугуштуу ооруларды жана коронавирусту алдын алуу максатында коомдук траспорттор күчөтүлгөн тартипте дезинфекциядан өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, маршруттук таксилерди, автобустарды жана троллейбустарды Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алуу департаментинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте дезинфекциядан өткөрүүдө.


Атайын тазалоодон күнүнө 250дөн  ашык маршруттук таксилер өтүүдө. Ал эми, автобус жана троллейбустардын, кармагычтары, отургучтары, эшик терезелери кошумча заттар менен тыкыр тазалоодон өтүп жатканы айтылат.


Ошондой эле, айдоочулар күн сайын медициналык кароодон өтөт, ал эми ысытмасы же кандайдыр бир белгилери бар айдоочулар каттамга чыгарылбай жатат.


Шаар мэриясы ар бир жүргүнчүнү медициналык бет кап тагып, автобустардан түшкөндөн кийин колду атайын каражаттар менен тазалап турууга чакырат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн