Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коомдук транспортторго атайын санитардык эрежелер киргизилет

20.05.2020 10:58
1152
Коомдук транспортторго атайын санитардык эрежелер киргизилет


Коомдук транспорттор ишин жанданткандан кийин жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелет. Бул тууралуу 20-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтымында, транспорттордун салондорунда дезинфекциялык чаралар жүргүзүлүп, жүргүнчүлөр милдетүү түрдө беткап тагынышат.


“Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт. Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн