Коомдук транспорттор үчүн санитардык эрежелер иштелип чыкты. Бул тууралуу 24-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Коомдук транспорттор 25-майдан тартта ишин баштап, эл арасында байланыштар көп болот. Эпидемиялык кырдаалды алдын алуу үчүн санитардык эрежелер иштелип чыкты. Ишканалардын баарына тийиштүү көрсөтмөлөр берилген. Ар бир каттамдын алдында дезинфекциялык иштер жүргүзүлөт, тийиштүү шарттарды сактоо менен жумуштарын аткарса жакшы болот. Антисептик, беткаптарды колдонуп, коопсуздук эрежелерин кармансак коркунуч көп жаралбайт”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн