Коомдук транспортко азырынча, тактап айтканда эртең, 11-майдан баштап ишке кирүүсүнө уруксат берилбейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок.
“COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат. Ушул этапка чейинки өзгөчө тартип жана кыймыл-аракеттер текке кетпеши керек. Ошондуктан ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине кайрыларым: чоң жоопкерчилик Сиздерге жүктөлөт. Иш орундарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактаңыздар. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери айтылган талаптарды аткарууга катуу көзөмөл жүргүзүүгө тийиш», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн