Бишкекте коомдук транспортто аялдамалардын аталышын автоматтык үн менен кабарлоо тутумун киргизүү боюнча долбоордун ишин улантуу пландалып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспортто аялдамаларды жарыялоо токтотулуп калган.
«Биз менен кызматташкан компания ишин токтотту. Себеби бизге белгисиз. Жакында жетекчиси алмашкан компания менен сүйлөшүүлөр башталды. Алардын да кызыкчылыгы бар экен. Жакында аялдамалардын аталышын жарыялоо улантылат», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн