Бугу 13, 2024
Убакыт: 20:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны милдеттүү талап, - Боронов

23.05.2020 12:39
912
Коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны милдеттүү талап, - Боронов


Беткап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана байкоого алынуучу милдеттүү талаптар. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын отурумунда айтылды.


Маалыматка ылайык, 25-майдан баштап коомдук унаа иштеп баштайт. Мындай чечим жарандар ишине жетиши үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.


“Бирок ар бир тарап – жергиликтүү бийлик органдары, транспорттук компаниялар, карапайым жарандар инфекцияны жугузуу тобокелдиги канчалык деңгээлде өскөнүн түшүнүүгө тийиш. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жазылган санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт. Беткап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана туруктуу байкоого алынуучу милдеттүү талаптар. Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт, - деди Кубатбек Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн