Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Коомдук жайларда 18 жашка чейинки кыздардын жоолукчан жүрүү боюнча мыйзам долбоору четке кагылды

18.01.2021 16:59
797
Коомдук жайларда 18 жашка чейинки кыздардын жоолукчан жүрүү боюнча мыйзам долбоору четке кагылды

Франциянын Улуттук Ассамблея (Франция парламентинин төмөнкү палатасы) башкаруучу партиянын мүчөлөрүнүн 18 жашка чейинки кыздардын коомдук жайларда жоолукчан жүрүүсүнө тыюу салуу демилгесин жактыруудан баш тартты. Бул тууралуу "Анадолу Агенттиги" жазды.


Улуттук Ассамблеянын атайын комитети “Исламдык сепаратизмге каршы мыйзам” деп аталган мыйзам долбоорун талкуулап, кийинчерээк “Республикалык баалуулуктарды чыңдоо” деп аталышын өзгөрткөн.


Документти башкаруучу партиянын депутаттары Аорор Бергер жана Жан-Батист Моро даярдап, 18 жашка чыга элек кыздарга коомдук жайларда жоолук салынып, "эркектер аялдардан бийик турат деген кийимдерди" кийүүгө тыюу салууну сунуш кылышкан.


Комитет бул беренелерди "экстремисттик" деп таап, алардын мыйзам долбооруна кошулушун жактырган жок.

Эске салсак, аталган депутаттар президент Макрондун партиясынын мүчөлөрү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн