Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө санитардык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлдү

29.09.2020 15:03
956
Коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө санитардык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлдү

Коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлдү. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматка караганда, премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн бир катар райондорундагы тургундар арасында коронавирустук инфекциядан жабыркагандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Буга катар ал санитардык чаралардын жана киргизилген тыюулардын сакталышына жетишсиз жана натыйжасыз көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана ички иштер органдарынын ишин сынга алды.

«Акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар райондорунда жагымсыз эпидемиологиялык абал байкалууда. Оору жана оор абалдагы жарандардын саны көбөйүүдө. Мурда белгиленгендей, ар-бир бейтапты дарылоодо өзгөчө мамиле керек. Бардык коопсуздук чараларды жогорулатуу, анын ичинде коомдук жайларда, транспортто, базарларда, соода борборлорунда, ресторандарда санитардык ченемдерди сактоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү зарыл. Бет кап тагынуу режими так сакталууга тийиш.

Мындан тышкары эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана коронавирус инфекциясын жугузган адам менен байланышта болгондордун обочолонуу режимин сактоосу боюнча иштерди сапаттуу аткаруу керек», - деди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаалдын жакшы болушунун туруктуулугун камсыз кылуу жана өлкөдө ооруну жуктургандардын көбөйүшүн алдын алууда жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги жогору экенин баса белгиледи.  

«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», - деди К.Боронов. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн