Бугу 13, 2024
Убакыт: 04:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Коомдук жайларда жана унааларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт, - Республикалык штаб

25.05.2020 18:08
933
Коомдук жайларда жана унааларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт, - Республикалык штаб

 

Республикалык ыкчам штабдын жыйыны болуп, анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соодо борборлордо жана коомдук унааларда беткап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн айткан.

 

Кубатбек Боронов соода түйүндөрүнүн күзөт кызматы келген кардарлардын беткап менен жүрүүсүн катуу көзөмөлгө алуусу боюнча жоопкерчилигин күчөтүү керектигин өзгөчө белгилеген

 

Бүгүн, 25-майдан тарта экономиканын бир катар тармактарынын ишмердүүлүгү жанданып, шаар ичиндеги коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Буга байланыштуу шаар бийлиги, автотранспорт компанияларынын жетекчилери санитардык-дезинфекциялык чаралар боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын так аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш.  Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл, - деген биринчи вице-премьер-министр

 

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына илдетти жуктуруп алгандардын байланыштарын так аныктоо, үй карантининдегилерди катуу көзөмөлгө алуу, Республикалык штаб тарабынан берилген тапшырмаларды ыкчам  аткаруу, сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилген

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн