Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

24.01.2020 09:21
791
Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгынын астында бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын  Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өтөт.

Маалыматта айтылгандай, анда 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.

Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар талкууланат. Анын жыйынтыгы боюнча атайын чечим кабыл алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн