Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коопсуздук кеңеш өлүмдөрдүн жагдайларын, маморгандардын элге тез жардам көрсөтүүгө даяр эместигин иликтейт

04.09.2020 13:09
1012
Коопсуздук кеңеш өлүмдөрдүн жагдайларын, маморгандардын элге тез жардам көрсөтүүгө даяр эместигин иликтейт

Коопсуздук кеңеши тарабынан COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо, жуктуруу очокторун чектеп токтотуу жана 2020-жылдын январь айынан июль айына чейинки мезгилде Кыргызстандын экономикасына болгон коркунучтарды жоюу максатында 8 жыйын өткөрүлүп, мамлекеттик органдардын жетекчилерине тиешелүү сунуштамалар берилген.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Коопсуздук кеңешинин чечимдеринде каралган иш-чаралардын аткарылышы боюнча ишке тартылган мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чараларды иликтөө менен Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдеринин ишке ашырылышына туруктуу мониторинг жүргүзүп жатат.

Учурда Катчылык тарабынан Коопсуздук кеңешинин сунуштамаларын ишке ашыруу максатында өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына мүмкүндүк берген шарттар менен себептерге, айрым учурларда адам өмүрүн алып кеткен жагдайларга, анын ичинде мамлекеттик органдардын, саламаттык сактоо уюмдарынын калкка медициналык тез жардам көрсөтүүгө даяр эместигине иликтөө, анализ тыкыр жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгы Коопсуздук кеңешинин жыйынына чыгарылат. Анда өлкөнүн санитардык-эпидемиологиялык абалынын начарлап кетишине жол бербөөгө багытталган тиешелүү уюштуруу-башкаруу жаатындагы чечимдер кабыл алынат жана мамлекеттик органдарга кошумча сунуштамалар берилет.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Каржы полициясы органдары тарабынан дагы төмөнкү фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат:

— Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдары тарабынан кетирилген шалаакылыктар;

— Фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик контракттар үчүн көз көрүнөө эле пайдалуу болбогон корутундуларды жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер;

— Мамлекетке ири зыян же өзгөчө ири зыян келтирген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызыкдар тараптардын баарын — жарандарды, эксперттерди жана жарандык коом институттарын аталган маселе боюнча колдо болгон материалдарды жана сунуш-пикирлерди иликтөө жана анализдөө үчүн, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жыйынына даярдалып жаткан материалдар менен жалпылаштыруу үчүн биздин дарекке жолдоону өтүнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн